• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түркияга кыргызстандыктардын визасыз жүрүү мөөнөтүн 180 күнгө чейин узартуу сунушталды

6 Теке 2023 9:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташ менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жарандарынын Түркия аймагында жүрүүсүнө байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Кыргыз тарап Кыргызстан жана Түркия жарандарынын өз ара сапарлары, анын ичинде ички паспорттор боюнча жана КР жарандары үчүн Түркиядагы визасыз режимдин мөөнөтүн 90 күндөн 180 күнгө чейин кеңейтүү маселелеринин маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Кыргызстандын жарандарынын Түркияда жашоого уруксат алуу шарттарын жеңилдетүү жана алардын мыйзамдуу жүрүү мөөнөтүн узартуудан баш тартуулардын санын азайтуу өтүнүчү айтылды.

Элчи Казакбаев ошондой эле түрк кесиптештерине мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандарына айыпсыз жана тыюу салуусуз чыгып кетүү жана андан ары мыйзамдаштыруу максатында миграциялык мунапыс берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Министрдин орун басары Мехмет Акташ кыргыз тараптын сунуштарын изилдеп жана Түркиянын кызыктар органдары менен биргеликте тиешелүү иштерди жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакынкы аралыкта эки мамлекеттин ички иштер министрлеринин өз ара сапарларын уюштуруу, ошондой эле биргелешкен иштерди улантуу боюнча макулдашууга жетишти.

Количество просмотров: 83