• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Түркмөн президенти: Борбор Азия стабилдүүлүктүн аймагы болушуна аракет жасашыбыз керек

21 Теке 202214:07 Бишкек Govori.TV

Борбор Азия стабилдүүлүктүн жана ишенимдин аймагы болушуна аракет жасашыбыз керек. Мындай пикирин Чолпон-Ата шаарындагы Борбор Азия лидерлеринин саммитинде Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов билдирди.

Анын айтымында, 5 өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери аркылуу кызматташууну күчөтүү керек.

«Биз биргеликте саясий жана дипломатиялык алака-катышты активдештирүү жана күчөтүүбүз керек. Бул иштерди координациялоону биздин мамлекеттердин тышкы саясат мекемелерине жүктөп, беш тараптуу маал-маал менен жолугушууларды өткөрүү туруу зарыл», — деди ал.

Количество просмотров: 155