• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сөз болгон маселелер…

13 Тогуздун айы 2023 12:40 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын алкагында Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн, энергетикалык тармактагы кызматташуунун кеңири спектри, ошондой эле алдыдагы КМШ МБК жыйынынын күн тартиби талкууланды.

Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовго КМШ МБКнын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга иш сапар менен келүү чакыруусун кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Мамлекет башчысы Түркмөнстанды маанилүү экономикалык өнөктөш катары кароо менен Кыргызстан соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана сапаттуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Ал белгилегендей, акыркы эки жылда товар жүгүртүү өсүп, 82 млн АКШ долларын түздү. Ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштар активдешти. Натыйжада соода-экономикалык өз ара аракеттенүү динамикалуу өнүгүүдө. Бирок, учурдагы көрсөткүчтөр дагы эле жалпы экономикалык потенциалга дал келбейт.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын Түркмөнстан менен кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана арттырууга, бул потенциалды ачуу үчүн соода, инвестиция жана логистика жаатында келечектүү жаңы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи. Бул контекстте соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын ролу белгиленди.

Өз кезегинде Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов жылуу кабыл алганы жана КМШ МБКга катышууга Кыргызстанга чакырганы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.
Сердар Бердымухамедов КМШ МБК жыйынынын жүрүшүндө кабыл алынган чечимдер жана кол коюлган документтер Шериктештик өлкөлөрүнүн ортосундагы натыйжалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Кыргызстан Түркмөнстан үчүн боордош мамлекет экенин баса белгилеп, Кыргызстан менен эки тараптын тең кызыкчылыгындагы бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономика чөйрөсүндө натыйжалуу кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүп жатканына канааттануу менен токтолуп, бул ырааттуулукту сактап калуу жана аны мындан ары арттыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табуу зарылдыгын белгиледи.

Эки өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кызматташууну мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү боюнча макулдашты.

Количество просмотров: 101