• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Түркмөнстандагы мечиттерге президенттин чоң апасына багыштап куран окуу буйругу берилди

11 Чын куран 2023 10:23 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын Мары облусунда мечитке келгендерден өлкө президенти Сердар Бердымухамедовдун өткөн жумада каза болгон чоң апасына дуба кылуу талап кылынса, Балкан облусунун имамы мечиттерде маркумга арнап куран окуу буйругун берди. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

«Мечит имамдары намаз окууга келген жарандардан президенттин чоң апасына дуба кылууну талап кылып жатышат», – деп билдирди радионун аймактагы кабарчысы.

Президент Сердар Бердымухамедовдун чоң апасы, парламент (Халк Маслахаты) төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун апасы Огулабат Бердымухамедова 7-апрелде каза болгон.

ТДХ агенттигинин маалыматына караганда, Бердымухамедова 1937-жылы 15-июнда туулган. Ал Гурбангулы Бердымухамедовдун бийлиги тушунда даңкталып, «Огулабат эже – баатыр төрөгөн эне» деп аталган.

Буга чейин президенттин чоң апасынын каза болгонуна байланыштуу Түркмөнстандагы бардык оюн-зоок иш-чараларына тыюу салынып, батыш облустарда 15-апрелге чейин үйлөнүү тойлорду өткөрүүгө чектөө киргизилгени кабарланган. Мындан тышкары Жол полициясынын кызматкерлери айдоочулардан автоунаада музыка укпоону талап кылып жатканы да айтылган.

Количество просмотров: 157