• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Түркмөнстан» авиакомпаниясы Москвага каттамдарды аткарууну токтотту

2 Баш оона 2023 17:04 Бишкек Govori.TV

«Түркмөнстан» авиакомпаниясы 1-августтан тарта Ашхабад-Москва-Ашхабад багыты боюнча учууларды токтотконун билдирди.

Компания бул чечимин «Москванын аба мейкиндигиндеги абал жана ал аркылуу учуудагы тобокелдиктер» менен түшүндүрдү.

Авиакомпания Москвага учуулар токтотулгандан кийин жүргүнчүлөр үчүн Ашхабад-Казан-Ашхабад багыты боюнча каттамдар жеткиликтүү болорун билдирди.

Акыркы үч күндүн ичинде Москва шаары эки жолу дрондордун чабуулуна кабылды. Алардын жыйынтыгында «Москва-сити» районундагы көп кабаттуу имараттар зыянга учурады. Орусиянын бийлиги бул чабуулдар үчүн Киевди айыптады.

Украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк учкучсуз учактардын мындай чабуулдары эми Орусиянын бардык аймактарында болорун белгиледи.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москвага дрондор менен сокку уруу коркунучу бар экенин мойнуна алып, бирок бул боюнча Коргоо министрлиги гана комментарий бере аларын айтты.

Количество просмотров: 103