• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түркмөнстан: мугалимдер тилемчилик кылган балдар үчүн маянасынан $57 берип турууга милдеттендирилди

7 Бештин айы 2022 13:06 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарындагы мугалимдер тилемчилик кылган балдарды тамак-аш жана кийим-кече менен камсыз кылуу үчүн ай сайын маянасынын бир бөлүгүн берип турууга милдеттендирилди.

Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышкан чогулушта айтылганын «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

«Чогулушта эгер ата-энеси баласына кам көрө албаса, ага анын класс жетекчилери жооп бериши керектиги айтылды. Буга байланыштуу мындай окуучуларды тамак-аш жана кийим-кече менен камсыз кылуу үчүн мугалимдин маянасынан ай сайын 200 манаттан (57 доллар) кармалып турат. Аларга тилемчилик кылганы үчүн полициянын каттоосунда турган окуучуларга каржылык жардам берүү жоопкерчилиги жүктөлдү», – деп билдирген райондук билим берүү бөлүмүндө иштеген булактардын бири.

Анын айтымында, мындай чара Түркмөнбашы шаарындагы адамдар көп жүргөн жерлерде тилемчилик кылган балдардын көбөйгөнүнөн улам кабыл алынды. «Облустагы интернаттарда бош орун жок болгондуктан, балдарды ал жерлерге жайгаштыруу мүмкүн эмес. Бийлик жакыр балдардын санын мугалимдердин эсебинен азайтуудан башка эч нерсе ойлоп тапкан жок», – деп кошумчалаган булак.

Маалыматка караганда, балдар үчүн акча берип турууга каршы болгон мугалимдерди текшерүүлөр жана жумуштан кетирүү менен коркутуп жатышат. Аткаминерлердин бири ар бир мектеп бештен онго чейин баланы тамак-аш жана кийим-кече менен камсыз кылууну өз мойнуна алышы керектигин айткан.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы бул боюнча Түркмөнбашы шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрүнөн комментарий ала алган эмес.

Буга чейин Түркмөнбашы шаарындагы мугалимдер көчөт сатып алуу, класстарды ремонттоо, жибек куртун багуу, пахта отоо жана терүү иштери сыяктуу алардын ишине эч тиешеси жок нерселерге акча чогултууга мажбурланганы кабарланган.

Количество просмотров: 303