• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Түркмөнстан Түрк мамлекеттер уюмунун толук кандуу мүчөсү болгон жок

14 Жетинин айы 2022 9:03 Бишкек Govori.TV

Самаркандда өткөн Түрк мамлекеттеринин уюмунун IX саммитинин жыйынтыгында Түркмөнстан уюмдун толук кандуу мүчөсү болуп жарыяланган жок.

Бул жолку жыйында Түркмөнстандын уюмга толук кандуу мүчө болуп кошулары кабарланып жаткан. Бул тууралуу 29-сентябрда түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирип, Самаркандда бирикменин мүчөлөрү көбөйөрүн сүйүнчүлөгөн:

“Жакшы жаңылык менен бөлүшкүм келип жатат. Буга чейин уюмга байкоочу болгон Түркмөнстан Самарканддагы саммитте толук кандуу мүчө болуп кирет. Муну менен түрк тилдүү үй-бүлөбүздү толуктайбыз”.

Бирок бул жолку жыйында Түркмөнстандын мүчөлүгү жөнүндө сөз болгон жок. Түрк министринин эки ай мурунку маалыматы эмнеге ишке ашкан жок, ага эмне себеп болгонун эч ким түшүндүргөн жок.

Түркмөнстандын атынан саммитке өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов келди.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги (ТДХ) Бердымухамедов жыйынга Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен ардактуу конок катары катышып жатканын кабарлаган.

Уюм Түрк тилдүү мамлекеттер кеңеши деген аталыш менен 2009-жылы түзүлгөн. Ал учурда Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчө болчу. 2019-жылы Өзбекстан уюмга толук кандуу мүчө болуп кирип, былтыртан бери Түрк өлкөлөрүнүн уюму деп атала баштаган. Түркмөнстан менен Венгрия байкоочу макамында катышып келет.

Количество просмотров: 223