• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түркмөнстан украин элине гуманитардык жардам жөнөтөт

27 Чын куран 202215:19 Бишкек Govori.TV

Орусия Украинага кол салгандан бери Түркмөнстан биринчи жолу Киевге гуманитардык жардам жөнөтүү ниетин билдирди.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, украин элине гуманитардык жардам апрель айынын аягына чейин жөнөтүлөт.

«Түркмөн элинин гуманизм салтына ылайык, Түркмөнстан украин элине апрелде гуманитардык жардам жөнөтөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, гуманитардык жүк медикаменттерден жана текстиль буюмдарынан турат.

Количество просмотров: 99