• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Түркмөнстан: жол кырсыктан каза болгон аскерлердин саны 30дан ашты

22 Теке 2021 9:25 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстанда жол кырсыгынан каза болгон аскерлердин саны 30дан ашты. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы Түркмөнстандын коргоо министрлигиндеги ишенимдүү булагына таянып маалымат таратты.

Ал буга чейин кабарлангандай 18 аскер эмес, 30дан ашык киши каза болгонун ырастаган.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы аскер адамдары отурган он КамАЗ колонна менен Бекревин гарнизонун көздөй баратканда болгон.

Аскерлер Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу аскердик парадга даярданып жаткан. Жол кырсыгы 18-июлда аскер колоннасы Курман айтка карата майрамдык зыяпаттан кайтып келе жатканда Бекревинде катталган.

Аскерлер «Элдик эс тутум» деген комплексте тамактанып, түштөн кийин кайрадан аскер бөлүгүнө кайткан. Аскер колоннасы дөңсөөдөн ылдый түшүп баратканда айдоочулардын бири рулду башкара албай чоң ылдамдык менен алдыда бараткан КамАЗды сүзүп, ал жолдон чыгып кеткен. Ал эми рулду башкара албай калган айдоочунун машинасы бир нече ирет аласалган. Анын кесепетинен эки КамАЗда отурган аскерлердин бардыгы жабыркаган.

Түркмөнстандын Коргоо министрлигине жакын башка бир булактар да маалыматты ырастады. Аласалып кеткен эки автоунаадан каза болгондордун саны 30дан ашып, дагы 20 чакты жоокер оор жаракат алып, ооруканага жеткирилгени кабарланды.

Ири жол кырсыгы болгон Бекревин көчөсү азыркы учурга чейин жабык турганы маалымдалды.

Күбөлөрдүн айтымында, үрөй учурган жол кырсыгынан каза тапкандардын арасында жоокерлерден сырткары үч офицер да болгон.

Количество просмотров: 437