• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түркмөнстанда 12-мартта мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

14 Бирдин айы 2022 9:37 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстанда 12-мартта мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комитети билдирди.

11-февралда президент Гурбангулы Бердымухамедов Халк Маслахатинин кезексиз жыйынында жаш жетекчилерге орун бошотуу боюнча оңой эмес чечим кабыл алганын айткан. Түркмөн президенти эки жыл мурун пайгамбар жашына чыкканын белгилеген.

Бердымухамедов 2007-жылдан бери Түркмөнстандын президенти. Ал парламенттин жыйынында 15 жыл мурун шайланганын белгилеген. ЖМКлар муну менен түркмөн лидери чарчаганын ишарат кылганын жазышууда.

40 жаштагы Сердар Бердымухамедов түркмөн президентинин жалгыз уулу. Ал экономика боюнча вице-премьер кызматын аркалайт. Былтыр ноябрдан бери президент уулуна өлкөнүн мунайгаз комплексин көзөмөлдөөнү тапшырган.

Гурбангулы Бердымухамедов «Аркадаг» титилуна ээ. Андан мурдагы президент Сапармурат Ниязовдо Түркмөнбашы наамы болгон.

Количество просмотров: 89