• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Түркмөнстанда 40тай мамлекеттик объект сатыкка коюлду

10 Үчтүн айы 2023 9:50 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстанда эффективдүү эмес же чыгашалуу мамлекеттик объектилер сатылууда.

“Бизнес Түркмөнстан” басылмасы кабарлагандай, Каржы жана экономика министрлиги 39 мамлекеттик объектини аукционго чыгарды.

Аукцион 25-январда www.e.fineconomic.gov.tm платформасы аркылуу өтөт.

Сатууга Лебап облусундагы аянты 25 500 чарчы метр тоок фабрикасы, «Довребап» соода борбору, Дашогуз облусундагы труба заводу жана Ашхабаддагы «Нур заман» чарбасынын административдик имараты коюлду.

Аукционго булар менен катар дүкөндөр, кафе, ашкана, ден соолукту чыңдоо борбору, килем фабрикасы жана административдик имараттар чыгарылат.

Мамлекеттик объектилер менчиктештирилип жатканда өлкөдө кымбат конгресс-борборлорду, спорт комплекстерин, мечиттер менен социалдык багыттагы инфраструктураларды куруу уланууда.

Түркмөнстанда мамлекеттин эсебинен салынган имараттарга канча каражат жумшалары айтылбайт.

Количество просмотров: 156