• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Түркмөнстанда аялдардын кийими менен жүрүм-турумуна чектөөлөр кирди

21 Бугу 2022 9:56 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстанда аялдардын кийимине жана жүрүм-турумуна байланыштуу бир катар чектөөлөр кирди. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Ашхабадда мамлекеттик мекемелердин аял кызматкерлерине “көңүл бурдуруучу элементтери бар көйнөктөрдү кийбейм” деген тил кат алынып жатат. Мурдараак мындай талаптар башка аймактарда киргизилген.

Айымдар мындан ары косметиканы колдонбошу керек. Аларга мындан ары чачын боёого, маникюр жасоого, жинсы шымдарды кийүүгө жана денесине чапташкан көйнөктөрдү кийүүгө тыюу салынат. Анын ордуна салттуу узун кийимдерди жана баш кийимдерди кийиши керек. Аялдар эгер чапталган тырмактары жана өстүрмө кирпиктери болсо, аны жок кылып, боёлгон чачтарын кайрадан кара түскө боёшу керек. Андай кылбагандар иштен бошотулары айтылды.

Количество просмотров: 703