• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Түркмөнстанда аялдарга автоунаа айдоого тыюу салынды

6 Үчтүн айы 2018 15:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.12.2018. Govori.TV.

Түркмөнстан бийлиги жаңы жылдан тартып аялдарга машина айдоого тыюу салды. “Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары” басылмасы жазгандай, декабрь айында жол полициясы аялдарга эскертүү берип келген. Жаңы жылдан тарта алар айдоочу кыз-келиндердин күбөлүктөрүн алып, автоунааны айып аянтчасына токтотууда.

Ашхабадда айыпка жыгылган айдоочу айым “Алгач мен бул маалыматты тамаша катары кабыл алгам. Азыр аялдар рулга отургандан коркуп калды. Айла жок көпчүлүк аялдарды эми күйөөлөрү жумушка жеткирип, кайра алып кетип жатат” – деп айтты.

Башка маалымат булактары мамлекеттик мекемелерге машине айдап келген аялдардан мындан ары автоунаа айдабоо боюнча түшүнүк кат жаздыртып алып жатканын маалымдоодо.

“Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктарына” маалымат берген булактын айтуусунда, Түркмөнстандын ички иштер министри Искендер Муликов жол кырсыгынын көпчүлүгү айдоочу аялдардын айынан болуп жатканы тууралуу маалыматты декабрда президентке жеткирген. Натыйжада президент министрге абалды жөнгө салуу тапшырмасын берген.

Количество просмотров: 2