• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Түркмөнстанда блогерлерден өлкөнү мактоо талап кылынууда

9 Кулжа 2023 9:05 Бишкек Govori.TV

Акыркы күндөрү Түркмөнстандын бир катар аймактарында белгилүү блогерлер полицияга суракка чакырылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, сурак маалында блогерлерден өз баракчаларына Түркмөнстан жөнүндө жалаң гана позитивдүү материалдарды чыгарып, өлкөнү мактоону талап кылып жатышат. Мындан тышкары бийликти сындаган билдирүүлөрдү чыгаруу же мындай билдирүүлөргө пикир жазуу – «өкмөткө каршы ишмердүүлүк» катары бааланары айтылып, бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганы эскертилүүдө.

Суракка чакырылган блогерлердин арасында түрдүү маселелер боюнча өзүнүн позициясын билдирип жүргөндөрдөн тарта элдин жашоосу жөнүндө айтып, ар кандай товарларды жарнамалагандар да бар.

Сөз эркиндиги чектелген Түркмөнстанда көз карандысыз басылмалардын сайттары менен популярдуу социалдык түйүндөр бөгөттөлгөн. Мындан улам жаштардын көбү VPN сервистерди колдонуп, тыюу салынган соцтүйүндөргө кирет.

Количество просмотров: 88