• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түркмөнстанда ботокс жасатууга жана тырмак чаптатууга тыюу салынды

13 Чын куран 2022 17:53 Бишкек Govori.TV

Мары облусунун Байрамали шаарында укук коргоо кызматкерлери сулуулук салондорду кыдырып, кыз-келиндерге айрым косметикалык кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салынганын эскертүүдө.

«Алар [тартип сакчылары] ботокс жасоого, беттеги бырышты жазууга, кирпик өстүрүүгө жана жасалма тырмак чаптоого тыюу салып жатышат», — деди салондордун биринин кызматкери.

Ал укук коргоо органдары тыюу салууну тастыктаган документтерди көрсөтпөгөнүн жана себебин түшүндүрүп беришпегенин кошумчалады.

«Ошол эле маалда алар эрежени бузган жана жогорудагы кызматтардан колдонгон аялдар кармалып, 300-500 манат айып пулга жыгыларын эскертип жатышат. Тартип сакчылары мындай кызмат көрсөткөн салондордун мастерлерине 500-1000 манат айып пул салынарын же 15 суткага чейин камаларын билдирүүдө», — деди салондун кызматкери.

Түркмөнстанда көп жылдардан бери аялдарга сулуулук салондорунун айрым кызматтарын колдонууга тыюу салынып келет. Адатта өкмөттө жогорку кызматтагы аткаминерлер, анын ичинде ички иштер министри алмашкан маалда тыюу күчөйт.

Былтыр июлда Лебап облусунун полициясы чыпташкан шым же юбка кийген, чачын сарыга боёткон аялдарды кармаган.

Количество просмотров: 531