• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түркмөнстанда ботокс жасатып, кирпик чаптаткан аялдар Дубайга уча албай калышты

23 Жетинин айы 2022 15:48 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстанда миграциялык кызмат ботокс жасатып, кошумча кирпик, жасалма тырмак чаптатып алган аялдарды аэропортто эл аралык каттамдарга өткөрбөй жатат. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди.

Ал жүргүнчүлөрдүн тизмесинен алынган бир нече аялдар менен сүйлөшкөн.

«Миграция кызматкерлери бул жогору жактан берилген буйрукка негизлегенин билдиришүүдө. «Кеткиңер келсе, эриндеги ботоксту жана башка сулуулук үчүн жасалган жасалма нерселерди алгыла деп айтып жатышат. Сиздики жасалма эрин экен, муну компьютердеги жүз таануу программасы да аныктай албайт. Эгер сиз паспорттогудай табигый түрдө көрүнбөсөңүз өткөрө албайбыз» деп жатышат”, — деди өткөн аптада Ашхабаддан Дубайга уча албай калган Балкан облусунун тургуну.

Мяхри аттуу аял болсо, косметикалык процедуралардан улам эл аралык каттамдардан алып таштоо каржылай чыгым менен коштолуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Дубайга билет алып жатканда мындай чектөөлөр тууралуу эскертишпейт.

«Учактын билетинде бул жөнүндө жазылган эмес. Учууга төрт саат калганда гана миграция кызматкерлери аялдарды текшерип, учакка өткөрбөй жатышат. Биринчиден, бул каржылай жактан чоң жоготуу, экинчиден, психологиялык кысым. Жүрүү эркиндиги, гендердик укук бузулуп жатат», – деди ал.

Түркмөнстанда мартта бийликке мурдагы президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун уулу Сердар Бердымухамедов келгенден кийин түркмөн жарандарына, айрыкча аялдардын тышкы келбетине көзөмөл күчөдү. Көчөдө жасалма тырмак жана кирпик чаптап алгандарды кармоо учурлары көбөйгөн. Бул эрежелерди сактабаган аялдарды кармашып, айып пул салышып, атүгүл жумуштан бошотушууда.

Количество просмотров: 221