• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Түркмөнстанда бюджеттик кызматкерлер чет өлкөлөргө иш издеп кетишүүдө

17 Чын куран 2023 10:12 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстанда 1-марттан 10-апрелге чейин мамлекеттик мекемелердеги жана ишканалардагы жумушун таштап, чет өлкөгө иш издеп кеткен жарандардын саны кескин өстү.

Мурда Түркмөнстанда ишсиз жарандар гана чет өлкөгө жумуш издеп кетишчү. Бирок экономикалык кырдаалдын начарлашынан, бюджеттик мекемелердеги маянанын аздыгынан башка категориядагы жарандар да четтен иш издешүүдө.

Түркмөнстандын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги жумушсуздуктун чыныгы абалы, ошондой эле өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээли тууралуу маалыматтарды жарыялабайт.

Четке иш издеп кеткендердин арасында билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарынын кызматкерлери көп болууда.

Мурда Түркмөнстан жарандары негизинен Түркияга барышкан, анткени бул өлкөгө баруу үчүн виза талап кылынчу эмес. Учурда түркмөндөр эмгек миграциясы үчүн Түркиядан тышкары Орусия, Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу өлкөлөрдү тандашууда.

2019-жылы «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын өз булактары акыркы 10 жылда 2 миллионго жакын адам өлкөдөн чыгып кеткенин кабарлаган.

Количество просмотров: 307