• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Түркмөнстанда бюджеттик кызматкерлер жибек куртун өстүрүүгө мажбурланууда

5 Чын куран 2023 15:36 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстанда жибек куртун өстүрүү мезгили башталып, өндүрүүчүлөр арасында анын уруктары бөлүштүрүлө баштады. Бирок айрым фермерлер жибек пилласын өндүрүү пайдасыз экенин билдирип, бул иш менен алектенүүдөн баш тартууда.

«Фермерлер жибек куртун өстүрүүдөн баш тартууда. Анткени мамлекет 1 килограмм жибек пилласы үчүн 25 гана манат төлөп жатат. Бул 1 килограмм пияздын баасы», – деп билдирген аты-жөнүн билдиргиси келбеген айыл чарба адиси.

Буга байланыштуу жибек куртун өстүрүү милдети бюджеттик кызматкерлерге жүктөлүүдө. Мындан тышкары бул ишке калктын ар түрдүү катмарындагы адамдар да мажбурланып жатат.

Өлкөнүн түштүк-чыгыш аймактарында ар бир бюджеттик кызматкерге 2 граммдан жибек куртунун жумурткалары берилүүдө. Алуудан баш тарткан кызматкерлерди иштен кетиребиз деп коркутуп, жумуртканын ар бир граммына 150 манаттан (43 доллар) төлөөгө милдеттендирилүүдө.

Мары облусунда жибек куртун өстүрүү ишине абактан чыккан жарандар тартылып жатканы кабарланууда. Алардын ишине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен полиция кызматкерлери көз салууда.

Быйыл Түркмөнстан 2 300 тонна жибек куртун өстүрүүнү пландап жатат. Өлкө айыл чарба иштеринде, анын ичинде пахта терүү жана жибек куртун өстүрүүдө жарандарды мажбурлап иштеткени үчүн сынга алынып келет.

Количество просмотров: 98