• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түркмөнстанда чет өлкөдөн кайткан 20дан ашуун жигитти аэропорттон түз аскерге алып кетишти

27 Тогуздун айы 2023 9:12 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын Балкан облусунда 25ке жакын адам түз эле аэропорттон аскерге чакырылды. Алар Орусиянын Саратов мамлекеттик университетин бүтүрүп, 5-октябрда мекенине кайтышкан.

Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдирди.

Баласын аскерге алып кеткен балкандык тургундун айтымында, аэропорттон уландарды аскер комиссариатынын, Улуттук коопсуздук министрлигинин жана полициянын кызматкерлери тосуп алып, аларга «кылмышкердей мамиле жасашкан».

Айрым жигиттер июнь айында окуусун аяктагандан кийин дароо Түркмөнстанга кайтпай калганы үчүн күнөөлөнгөн. Көпчүлүк жаштарга үй-бүлөсү менен сүйлөшүүгө уруксат берилген эмес.

Түркмөнстанда аскердик кызмат милдеттүү деп эсептелет. Аскерге чакыруу президенттин жарлыгына ылайык, жылына эки жолу жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 257