• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Түркмөнстанда эмдөөдөн өтүүдөн баш тарткандарга айып пул салынууда

10 Баш оона 2021 9:47 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын Лебап облусунда коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүдөн баш тарткандарга айып пул салынып, вакцинанын баасы төлөттүрүлүүдө. Пенсионерлерди пенсиядан ажыратабыз деп коркутушууда.

Акыркы бир нече айларда облустук ден соолук үйлөрүндө калкты эмдөө жараяны жүргүзүлдү. Жүздөгөн адамдар түрдүү себептер менен вакцина сайдырган эмес.

Жергиликтүү бийлик эми аларды “жазалоо” чарасын күчөтө баштады. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы аймактагы бюджеттик кызматкерлер жана пенсионерлер менен маектешкен. Алардын айтымында, мамлекеттик мекеме башчылары вакцина албагандарды жумуштан чыгарабыз деп коркутууда.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер облустук полиция башкармалыгына вакцинадан баш тарткандардын тизмесин берген. Ал тизмеге ылайык, эмдөөдөн баш тарткандарга 113 манат – 32,2 доллар айып пул салына баштады.
Түркмөнстанда Орусия жана Кытай өндүрүшүнөн чыккан вакциналар колдонулууда.

Количество просмотров: 87