• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Түркмөнстанда калктын саны 7 миллиондон ашканы күмөн жаратууда

24 Теке 2023 9:27 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын өкмөтү өлкө калкынын саны жети миллиондон ашканын жарыялады. Бирок эксперттик чөйрөдө бул эсеп күмөн жаратууда.

14-июлда Мамлекеттик статистика кометитинин төрагасы Довлатгелди Аманмухамедов түркмөнстандыктардын саны 7 миллион 57 миң 841 кишиге жеткенин билдирген. Анын айтымында, жарандардын 50% көбүн аялдар түзөт. Элдин 47% көбүрөөгү шаардыктар, 53% жакыны айылдыктар деп бөлүнгөн.

Түркмөнстан соңку 16 жылдан бери калктын саны тууралуу расмий маалымат жарыялаган эмес. Акыркы жолу 2006-жылы өлкөдө 6,7 миллион адам жашай турганы айтылган.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын бири-биринен көз карандысыз бир канча булактары өлкөдө акыркы кезде балдар аз төрөлүп жатканын, айрым аймактарда элдин саны азайып баратканын билдиришти. Алар жүз миңдеген түркмөндөр Орусия менен Түркиянын жарандыгын алганын да мисал келтиришти.

Өкмөткө жакын булак бийлик калктын санын көбөйтүп жарыялаганын, бул кадам — «Түркмөнстан — Борбор Азия чөлкөмүндө эли эң аз өлкө» деген мүнөздөмөдөн арылуу максатында жасалганын билдирди.

Бейрасмий булактар өлкө калкынын саны 5 миллионго жетпеши мүмкүн деп эсептешет.

Количество просмотров: 68