• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түркмөнстанда кызылча жуктурган балдар көбөйүүдө

3 Жетинин айы 2023 9:08 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабад шаарындагы инфекциялык ооруканаларда кызылча (корь) менен ооруган балдар көбөйүүдө. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы өлкөнүн саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелериндеги өз булактарына таянып кабарлады.

«Учурда Инфекциялык оорулардын алдын алуу борборунун ооруканасында жүздөгөн бала жатат. Бейтаптардын көптүгүнөн дарыгерлер аларга медициналык жардам көрсөтүүдө кыйынчылыктарга кабылууда. Ошол эле маалда кызылча жуктуруп алган балдардын көбү бала бакчаларга барууну улантууда», – деп билдирди радионун Ашхабаддагы кабарчысы.

Ооруканага жаткырылган балдар обочодо кармалып, ата-энелерине тамак-аш алып келүүгө уруксат берилбей жатат. Алар оорукананын ашканасына телефон чалып, тамакка буйрутма берүүдө.

Кабарчынын айтымында, оору жуктурган балдардын бар экенине карабастан, Ашхабаддагы бала бакчалар жабылган жок.

«Оорунун бала бакчаларда жайылуу тобокелдиги жогору болуп жатканына карабастан, аткаминерлер бул жөнүндө мыйзам чыгаруу органдарына жана президентке маалымат бербей, балдарды коркунучка түртүп, көйгөйдү оорлотуп жатышат», – деди шаардагы бала бакчалардын биринин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери.

Количество просмотров: 116