• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түркмөнстанда президенттик шайлоо өттү

14 Жалган куран 2022 9:12 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстанда 12-марттагы мөөнөтсүз президенттик шайлоодо каттоодон өткөн шайлоочулардын 97 пайыздан ашыгы добуш берди. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жалпы өлкө боюнча ачылган 2600гө жакын шайлоо тилкеси Ашхабад убактысы боюнча кечки саат 7де жабылды. Учурда добуштарды саноо уланып жатканы кабарланды.

Эксперттердин көбү бул саясий өнөктүк бийликти авторитардык президент Гурбангулы Бердымухамедовдон анын уулу Сердарга өткөрүп берүүнүн формалдуу көрүнүшү катары баалап жатышат.

Бюллетенде президенттикке талапкер катары 40 жаштагы президенттин уулу Сердар Бердымухамедов менен бирге коомчулукка анча белгисиз сегиз талапкердин ысымы болду. Алардын баары азыркы президентке лоялдуу экени менен белгилүү жана чыныгы атаандаш катары эсептелбейт.

Мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо 64 жаштагы азыркы президент Гурбангулы Бердымухамедов 11-февралда парламенттин жогорку палатасында бийликти «жаш лидерлерге» өткөрүп берүү үчүн бийликтен кетүү ниети бар экенин айткандан кийин дайындалган.

15-февралда Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын башкаруучу Демократиялык партиясынын атынан талапкер болуп расмий катталган.

Талапкерлердин ортосунда теледебаттар болгон жок. Шайлоо өнөктүгү Сердар Бердымухамедовдун «шайлоочулар» менен жолугушуу үчүн өлкөнү түрө кыдыруусу менен чектелди. Бул жакшы сценарий менен жазылган жолугушууларда Сердар Түркмөнстандын бейтараптык саясатын улантууга жана «өлкөнү гүлдөгөн мамлекетке айландыруу боюнча өзүнөн мурункулардын саясатын мындан ары да өнүктүрүүгө» убада берген.

Өлкө 1991-жылы эгемендикке ээ болгондон бери Түркмөнстанда бир дагы шайлоо эл аралык байкоочулар тарабынан таза жана акыйкат өттү деп табылган эмес.

Сердар Бердымухамедов 2021-жылы Министрлер кабинетинин орун басары болуп дайындалганга чейин тышкы иштер министринин орун басары, Ахал провинциясынын губернатору жана өнөр жай министри сыяктуу бир катар көрүнүктүү мамлекеттик кызматтарда иштеген.

Количество просмотров: 149