• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Түркмөнстанда президенттик шайлоодон кийин жумуш орундары кыскарууда

15 Жалган куран 2022 9:50 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын батышында мунай кендерин иштеткен компанияларда кызматкерлердин саны кыскартылууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булактары билдиргендей, Petronas, Dragon Oil жана азербайжандык мунай компаниялары кызматкерлеринин 30 пайызын кыскартууда.

Бул арада кыскартуу мамлекеттик секторлордо да башталды. Маселен, миграциялык кызмат менен бажы түзүмдөрү кызматкерлеринин кирешесин азайтты.

Түркмөнбашы Эл аралык аэропортунун кызматкерлеринин 70 пайызы акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө жиберилген. Баштапкы план боюнча кызматкерлер марттын башында ишке кайтышы керек болгон, бирок алардын өргүүсү 15-апрелге чейин узартылды.

Түркмөнстанда Сердар Бердымухамедовдун президенттик шайлоо программасында жаңы жумуш орундарын түзүүгө артыкчылык берилери айтылган.

Количество просмотров: 114