• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түркмөнстанда сакалчан жана мечитке барган эркектер куугунтукталууда

24 Тогуздун айы 2022 16:46 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын айрым аймактарында бийлик сакал койгон жана ырааттуу түрдө мечиттерге барган эркектердин изине кайрадан түшүүдө. Ушул тапта Түркмөнбашы шаарында Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери сакалчан кишилерге карата рейддерди өткөрүүдө.

Кармалгандар полиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, ал жерде сакалдарын алууга мажбурланууда. Бюджеттик мекеме-ишканаларда мечиттерге барып намаз окууга оозеки түрдө тыюу салынды. Буйрукту аткарбагандар иштен айдалышы мүмкүн. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бийлик бул боюнча түшүндүрмө берген жок. Бирок 1,5 сантиметрден узун сакал койгон кишилер диний экстремизмге шектелиши ыктымал экенин эскертишкен. «Полиция бөлүмдөрүндө эркектер күн сайын сакалдарын алып жүрүү жөнүндө тилкат жазып берип, Куран кармап ант берүүгө мажбурланууда», — деди түркмөнабаддык жашоочулардын бири.

Түркмөнстан көп жылдардан бери АКШнын Мамлекеттик департаменти түзгөн диний эркиндиктин тизмесинде «өзгөчө кабатырлануунун жараткан» өлкөлөрдүн катарында болуп келет.

Количество просмотров: 583