• Шейшемби 30 Жетинин айы 2021

Түркмөнстанда сот 20 бизнесменге интернет колдонууга тыюу салды

18 ноября 2021 в 9:25 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстанда сот VPN колдонууга айыпталган 20 бизнесменге 2025-жылга чейин Интернетти колдонууга тыюу салды. Алардын үйлөрүндө түйүн өчүрүлдү, смартфондору алынды, алардын ордуна эски телефондор берилди. Үй-бүлө мүчөлөрү мобилдик интернет колдонуу укугунан ажыратылды.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагы билдиргендей, өлкөнүн башка аймактарында ушундай эле 22 учур катталды. Ал бул чараны президент Гурбангулы Бердымухамедовду сындаган баракчалардын тарашын токтотуу аракети катары баалады.

Түркмөнстанда акыркы күндөрү соцтармактарга көзөмөл күчөтүлүп, Интернетке катуу чектөө киргизилди. Өлкөдө Facebook, Instagram, Twitter бөгөттөлгөн. Аларга VPN серверлердин жардамы менен гана кирүүгө болот. Бийлик VPN серверлери колдонгондорду жана аны жарандарга орнотуп бергендерди да куугунтуктап жатат. Ашхабадда жогорку окуу жайларынын окутуучуларынан соцтрамактарга кирбей тургандыгы жөнүндө тилкат алынып, аймактарда бюджеттик кызматкерлерге “Ютубда” көрүүгө болбой турган блогерлердин сүрөттөрү таратылууда.

Августта “Азаттыктын” түркмөн кызматы бийлик жарандардан VPN-сервистердин кызматынан колдонбоо жөнүндө Куранга ант берүүнү талап кылып жатканын жазган.

Теги:
Количество просмотров: 40