Түркмөнстандын Балкан облусунда жаңы президент Сердар Бердымухамедовду мактап-жактоо боюнча бейрасмий поэзия сынагы жарыяланып, жеңүүчүлөргө бийлик «чоң сыйлыктарды» тапшырууну убадалады. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өлкө башчысына арналып жазылган эң мыкты ырга обон чыгарыла турганын, аны Түркмөнстан боюнча хит кылууну көздөп жаткышканы айтылууда.
Түркмөнстанда мамлекет башчынын керт башына сыйынуу, анын ийгиликтерин теле-радио аркылуу мактап-жактоо, ыр арноо сыяктуу көрүнүш биринчи президент Сапармурад Ниязовдун тушунда башталып, анын мураскору Гурбангулы Бердымухамедовдун учурунда туу чокусуна жеткен.