• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түркмөнстанда жарандар милдеттүү түрдө эмделмей болду

9 Теке 2021 9:33 Бишкек Govori.TV

Түркмөн бийлиги 18 жаштан жогорку курактагы жарандарды милдеттүү түрдө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрөт. Мындай чечим тууралуу өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары жазды. Бирок ал билдирүүлөрдө жарандарга кайсы вакцина сайылары так айтылган эмес.

Түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандар бар экенин пандемия башталгандан бери четке кагып келет. Расмий түрдө бул өлкөдө бир да адам COVID-19га чалдыккан эмес. Ошентсе да Түркмөнстанда санитардык эрежелер күчөтүлгөн.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы өлкөдө вирус кенен жайылганын билдирип, ооруканалар толуп калган учурлар бар экенин кабарлап келет. Июнь айынын соңунда түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамеов Кытайдын «Синофарм» вакцинасынын жарым миллион дозасын сатып алуу боюнча жарлык чыгарган. Январь айында Түркмөнстан орусиялык «Спутник V» жана «ЭпиВакКорона» вакциналарын каттоодон өткөргөн. Бирок Орусиянын өзүндө вакцина жетишсиз болгондуктан, Түркмөнстанга саналуу сандагы гана вакцина жөнөтүлгөн. Буга чейин Тажикстандын бийлиги да 18 жаштан жогорку курактагы жарандарын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирген.

Количество просмотров: 59