• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Түркмөнстандагыдай келечекти каалабайсыңар деп ишенем”. Жакупова Шакиев менен Байсаловго кайрылды

31 Тогуздун айы 2023 15:03 Бишкек Govori.TV

Маселе азыркы ЖМК жөнүндө мыйзамдын эскилигинде эмес, анын бүгүнкү күндөгү реалдуулукка канчалык дал келгенинде. Мындай пикирин бүгүн, 31-октябрда ЖМК мыйзамын талкуулаган жыйында «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова билдирди.

«Жогорку Кеңештин төрагасынын «кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда чындыгында сөз эркиндиги жогору» деген пикирине кошулам, бирок акыркы 2-3 жылда бардык көрсөткүчтөр боюнча төмөндөө болду. Ал эми баалоо индикаторлору динамикалуу болушу керек», — деди Жакупова.

Ал Жогорку Кеңештин төрагасы менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду “ЖМК жөнүндө” жаңы мыйзам боюнча талдоо даярдаган эксперттердин пикирин угууга чакырды.

«Түркмөнстандагыдай келечекти каалабайсыңар деп ишенем. Бир пикирге келүүгө али кеч эмес», — деди ал.

Количество просмотров: 1498