• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Конституциялык палата Чолпон Жакупова чет өлкөгө чыгуу укугун берди

31 Бугу 2018 8:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31.05.2018. Govori.TV 

Конституциялык палата укук коргоочу Чолпон Жакуповага чет өлкөгө чыгууга укук алып берди. Бул тууралуу «Адилет» укуктук клиникасынан кабарлашты.

Анда белгилүү болгондой, аталган орган «Сырткы миграция жөнүндө» КРнын мыйзамынын 46-беренесинин 8-пункту Конституцияга каршы келет деген бүтүмгө келген.

Анткени, аталган берене өлкө жарандарынын жарандык иштер боюнча соттук иштерге кириптер болгон кезде убактылуу өлкөндөн сыртка кирип чыгуусуна тыюу салган мыйзамдык документ болуп келген.

Эске сала кетсек, буга чейин аталган мыйзамды жетекчиликке алып сот укук коргоочу Чолпон Жакуповага, журналисттер Нарын Айып менен Дина Маслованын жарандык иштер боюнча мурдагы өлкө башчысы менен соттошконуна байланыштуу өлкөдөн чыгуусуна тыюу салып келген эле.

 

Количество просмотров: 40