• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түркмөнстандан дагы 490 этникалык казак көчүп кетет

18 Бугу 20229:03 Бишкек Govori.TV

Июндун башында Түркмөнстанда жашаган 490 этникалык казак биротоло Казакстанга көчүп кетет. Бул тууралуу Turkmen.news сайты «Түркмөн темир жолдору» агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, 2-июнда «Түркмөн темир жолдору» «Түркмөнбашы – Берекет – Серхетяк – Болашак» багыты боюнча атайын каттам уюштурат. Мындай чечимди Түркмөнстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети Казакстандын Ашхабаддагы элчилигинин өтүнүчү менен 11-майда кабыл алган.

Казакстандын өкмөтү чет өлкөлөрдө жашаган этникалык казактардын мекенине кайтуусуна мүмкүнчүлүк берген атайын программаны ишке ашырып келет. Ага ылайык, туруктуу жашоо үчүн Казакстанга көчүп барууну каалаган казактарга «кандаш» макамы берилет.

Turkmen.news агенттигинин кабарлашынча, 2021-жылы февралда Түркмөнстанда жашаган 160тан ашык этникалык казак тарыхый мекенине көчүп кеткен. 2020-жылы 319 киши Түркмөнстандын жарандыгынан баш тартса, алардын 70и этникалык казактар болгон.

«Азаттыктын» казак кызматы 2021-жылы Түркмөнстандан Казакстанга 200дөн ашык этникалык казак көчүп барганын кабарлаган.

Количество просмотров: 601