• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Түркмөнстандыктар Орусияга Өзбекстан аркылуу учууда

25 Баш оона 2023 8:38 Бишкек Govori.TV

«Түркмөн аба жолдору» авиакомпаниясы Москвага түз каттамдарды токтоткондон кийин Орусияга барууну каалаган түркмөн жарандары кошумча кыйынчылыктарга кабылды. Алардын арасында жайкы эс алуудан кийин Орусиядагы окууларына кайтышы керек болгон студенттер көп.

«Бир айдан бери билет сатып алууга аракет кылып жатам. Бул үчүн Ашхабадга эки жолу бардым, бирок эч кандай майнап чыккан жок. Авиакассалар билеттер бир нече айга алдын ала сатылып кеткенин айтып, улам келип текшерип турууну сунушташты. Бир нече жумадан кийин Москвадагы окуум башталат, жетишпей калышым мүмкүн», – деди түркмөнабаддык студент кыз.

Анын айтымында, билеттин жоктугунан Орусияга барышы керек болгон жарандардын көбү коңшу Өзбекстанга өтүп, ошол жактан учуп кетүүгө аракет кылууда.

«Өзбекстанга бир айга туристтик виза алуу үчүн туристтик агенттикке кайрылдым. Бул үчүн 105 доллар короттум. Виза 10 күндөн кийин даяр болот. Анан Ташкентке барып, ал жактан Москвага учуп кетем. Өзбекстандын борборуна чейин 50 доллар менен жетип алса болорун айтып жатышат. Бул түркмөн аткаминерлерине пара бергенге караганда кыйла арзан болот», – деди ал.

«Түркмөн аба жолдору» 1-августтан тарта Москвага каттамдарын токтотконун билдирген. Компания бул чечимин «Москванын аба мейкиндигиндеги абал жана ал аркылуу учуудагы тобокелдиктер» менен түшүндүргөн. Анын алдында үч күндүн ичинде Москва шаары эки жолу дрондордун чабуулуна кабылып, «Москва-сити» районундагы көп кабаттуу имараттар зыянга учураган.

Учурда «Түркмөн аба жолдору» Ашхабад-Казан-Ашхабад багыты боюнча гана каттамдарды аткарууда. Бирок авиакассалар Казан шаарына билеттер октябрь айына чейин алдын ала сатылып кеткенин билдирүүдө.

Количество просмотров: 134