• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Абылгазиев иш сапар менен Орусияга учуп кетти

24 Тогуздун айы 2019 14:10 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Москва шаарына иш сапар менен кетти. бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Иш сапардын алкагында Өкмөт башчы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына, ошондой эле ушул жылдын 25-октябрында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында күн тартибиндеги 15 маселе каралат. Ал эми КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда 19 маселе каралат.  Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.

Кыргызстандын делегациясынын курамы:

  • премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев;
  • вице-премьер Жеңиш Разаков;
  • экономика министри Санжар Муканбетов;
  • Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов;
  • Кыргызстандын Белоруссиядагы элчиси Эрмек Ибраимов;
  • Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов;
  • өкмөттүн ЕЭАБ иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков;
  • өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков;
  • Кыргызстандын КМШнын Экономикалык кеңешинин экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Улуттук банктын төрагасынын орун басары Айнура Тезекбаева.
Количество просмотров: 65