• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орусияга каттамдар көбөйдү

15 Жалган куран 2021 12:45 Бишкек Govori.TV

Москва-Бишкек-Москва багыты боюнча жумасына 6 авиа каттам аткарылат. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандык авиация агенттиги Россия Федерациясынын федералдык аба транспорт агенттигинин чечимине ылайык, 2021-жылы 3-марттан баштап Москва-Бишкек-Москва маршруту боюнча каттамдар төмөндөгүдөй болорун маалымдайт:

— “Аэрофлот” авиакомпаниясы – жума жана жекшемби күндөрү 2 ирет;

— “Ураль авиалиниясы” авиакомпаниясы – шейшемби күндөрү 1 ирет;

— “Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясы – шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү 3 ирет.

Россия Федерациясына багыт алган калган каттамдар чартердик болуп саналат.

Количество просмотров: 434