• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түркмөнстандын Куралдуу күчтөрүнөн офицерлер жапырт кетүүдө

15 Жалган куран 2024 9:22 Бишкек Govori.TV

Кызмат өтөө шарттарынын оордугунан улам Түркмөнстандын Куралдуу күчтөрүнөн офицерлердин жапырт кетүүсү байкалууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, аскер кызматкерлери негизинен айлыктардын төмөндүгүнө жана жеңилдиктерди берүү боюнча мамлекеттин убадалары аткарылбай жатканына даттанууда.

«Коргоо министрлиги айлык төлөөдөн тышкары аскер кызматкерлерин турак-жай, аскер формасы жана башка жеңилдиктер менен камсыздашы керек. Бирок мамлекет бул милдеттерин аткарбай жатат. Ошондуктан акыркы жылдары көптөгөн офицерлер үй-бүлөлүк шартка байланыштуу деп арыз жазып, Куралдуу күчтөрдөн кетүүдө», – деп билдирген аты-жөнүн билдиргиси келбеген офицерлердин бири.

Аскер кызматкерлеринин айтымында, алар каалаган убакта башка аймактарга командировкага жөнөтүлүшү мүмкүн. Мындай учурларда алар өз каражатына аскердик бөлүктөргө жакын жерден батирге чыгууга аргасыз болушат.

«Болжол менен айлыгыбыздын 25-30% батирдин акысын төлөөгө, жарымы тамак-ашка кетет. Коммуналдык кызматтарды жана башка чыгымдарды кошкондо эч нерсе калбай калууда. Жашоо жана кызмат өтөө үчүн нормалдуу шарттар түзүлбөйт. Министрлик берген аскердик форманын сапаты төмөн. Жарым жылга берилген форма 2-3 айда эле жыртылып калып, жаңысын өз акчабызга сатып алууга туура келет», – деген дагы бир офицер.

Анын айтымында, алардын өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыздары да дароо канааттандырылбайт.

«Арыздар каралганча көп убакыт күтүүгө туура келет. Ошондуктан айрым офицерлер кызматтан кууп чыксын деп атайылап уставды бузушат. Алар жумушка мас абалында барып же айлап аскердик бөлүккө барбай коюшат», – деп кошумчалады ал.

Буга чейин «Азаттыктын» түркмөн кызматы акыркы кездери өлкөдө аскер кызматкерлери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана башка бюджеттик мекемелердин кызматкерлери жапырт жумуштан кетип жатканы жөнүндө бир нече жолу кабарлаган. Буга көбүнчө өлкөдө уланып жаткан экономикалык каатчылыктан улам элдин жашоо деңгээлинин төмөндөп кетиши себеп болуп жатканы айтылган.

Мындай учурлар жөнүндө Түркмөнстандын мамлекеттик ЖМКлары маалымат беришпейт.

Количество просмотров: 3083