• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Коронавирус: Түркмөнстандын мамлекеттик мекемелеринде жапырт түрдө арча түтөтүлүп, алас айтылууда

17 Жалган куран 2020 9:35 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын мамлекеттик мекемелеринде жапырт түрдө арча түтөтүлүп, алас айтылууда. Өткөн жумада өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов жарандарга коронавируска каршы кургатылган арча колдонууну сунуштаган.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, Ашхабаддагы мекемелерде, анын ичинде мектептер менен медициналык жайларда күнүнө эки жолудан, эртең менен жана кечинде арча түтөтүлүп, алас айтылууда.

Түркмөн бийлиги өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандар аныкталгандыгын расмий ырастай элек. Бирок 3-мартта «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы өз булактарына таянып, Ашхабаддагы ооруканада жаткан кеминде эки бейтаптан коронавирус табылганын билдирген.

Бүгүнкү күндө коронавирустан сактануу максатында Түркмөнстан коңшу өлкөлөр менен чек араларын жаап, дээрлик бардык эл аралык аба каттамдарын токтоткон. Мындан тышкары өлкөгө келген бардык адамдар текшерилип, айрымдары карантинге алынууда.

Количество просмотров: 116