Сокулук районундагы Степной айылында жайгашкан №2 аялдардын колониясында ВИЧ СПИДКЕ жана гендердик зордук-зомбулукка каршы акциясы болуп өттү . Бул акция №2 аялдар абагында жазасын өтөп жаткандар үчүн КВН катары өтүп, абакта бөлүнгөн төрт колониядан он аялдан бул конкурска катышып ВИЧ СПИД туурасында көрсөтүп беришти.
“Бул акция №2 аялдардын колониясында 4-5жылдан бери өтүп келет. Быйыл ВИЧ СПИДКЕ каршы акциясы менен биргеликте гендердик зордук-зомбулукка каршы акциясы да өттү.”, -деди уюштуручу Рыскүл Олжобаева.
Акцияга бир айдан ашык даярдык көрүшүп, атайын формаларын өздөрү тигишкен.
“Маданий иш-чарага катышыш үчүн аялдардын бир айдан ашык убактысы кетти. Күндө жумуштан кийин сүйлөшүп, ар бир номерди тандап, жаңы идеялар, жаңы демилге менен даярданганга аракет кылышты. Мындан сырткары кээ бир командалар өзгөчө болуп чыгыш үчүн атайын өздөрүнө окшош форма тиккенге дагы үлгүрүштү. Бул акциянын №2 аялдардын абагында жүрүшү, булар жазасын өтөп чыккандан кийин, коомчулукта да жардамы тийет деген ишеничтемин”, –деди Олжобаева.
Концерттин жыйынтыгында жеңүүчү командаларга нан бышырган печка, музыкалык апарат, косметика жана атыр, самындар тапшырылды.
Белгилей кетсек, №2 аялдар колониясында адам өлтүрүү, уурулук ж.б. кылмыштар менен камалган 300 дөн ашык аял отурат. Алардын жашы 18 ден баштап 70 жашка чейин.