• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Төрт аял алган жигитке турмушка чыккан окуучу кыз 2 балалуу болгондон кийин ажырашып кеткен

13 Бирдин айы 201917:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.02.2019. Govori.TV

Ноокат районундагы өзбек тилдүү мектептерде окуган кыздардын арасында эрте турмушка чыгуу фактысы көп катталат. 9-10-класста окуп жаткан окуучу кызга сөйкө салышса ал классташтарынын арасында кадыр-баркка ээ болорун бүгүн, 13-февралда Ош шаарында өткөн жыйында «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фондунун жетекчиси Гүлсана Абытова билдирди.

Анын айтымында, жаш кыздар келин болуп барган үй-бүлөнүн мыйзамына көнө албай, өз өмүрүнө кол салган учурлар болуп, бирок көмүскөдө калат.

«Бир жаш келин заара чыгаруучу органы жок бала төрөгөн. Анын өзүнүн организми толук жетиле элек болчу. Дагы бир кыз 9-классты бүткөндөн кийин 4 аял алып ажырашкан жигитке турмушка чыгып, эки баласы менен ажырашып келиптир. Ал «үй-бүлөбүз өтө кедей жашайт, мага сеп бергенге же окутканга шарты жок болчу. Күйөөм сепсиз алгандыктан турмушка чыгып кеттим» деди. Эрте турмушка чыгуу боюнча маалымат кампаниясы август айынан башталып, алты айлык түшүндүрүү иш-чаралары дин кызматкерлери менен чогуу жүргүзүлдү. Бул аралыкта жети дубандын имамдарына эрте нике кыйган имамдарды эркиндиктен ажыратуу мыйзамы бар экенин түшүндүрдүк. Иш-чаралардын жүрүшүндө көптөгөн окуяларга туш болдук», — дейт Гүлсана Абытова.

Ноокаттагы өзбек тилдүү мектептерде окуган кыздардын көбүнө сөйкө салып, бүтүрүү кечесинде кайын журту куттуктап келишет. Гүлсана Абытова мындай көрүнүш башка кыздарды басынтып, аларды да үгүттөйт деп эсептейт.

«Ноокат районундагы өзбек тилдүү мектептердеги кыздарга 9-10-классында сөйкө салып коюшат. Алар маданий иш-чараларга, дене тарбия сабагына катышпоого уруксат сурашат. Акыркы коңгуроо салтанатында кайын журту белектер менен келсе сыймыктанышат. Кыздар арасында сурамжылоо жүргүзгөндө мындай көрүнүш ата-энелердин мажбурлоосу менен болорун айтышкан.

Диний лидерлер жума намаздарында 3 миңдей адамга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Баткенде жашы жете элек кызды турмушка берген ата-энелер бир эле райондогу имамдарга бара беришкен. Анткени имамдар жашы жете электерге нике кыйбай койгон. Ал эми Кадамжай районунун имамы нике кыйдыруу үчүн келген жаштардын паспортторун алып калып, райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнө тапшырып койгон. Алар эртеси нике күбөлүгүн алышат. Себеби жарандык нике менен нике күбөлүгү жок жашап жаткан жубайлардын юридикалык абалы бирдей. Ошондуктан нике күбөлүктү алууну да имамдар аркылуу жеткирип жатабыз», — дейт Гүлсана Абытова.

Булак: turmush.kg

Количество просмотров: 29