Бишкек.29.07.2019.Govor.TV.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күйөөсү аялын бычактап салган деп шектелүүдө. Маалыматты Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Окуя 25-июль күнү таңкы саат 06:35 чамасында катталып, Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшкөн. Анда Сузак районунун 31 жаштагы Б.Н. аттуу тургуну 30 жаштагы аялын уруп, аш бычак менен денесине сайып жиберген. Аял алган жаракатынан улам каза болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Сузак райондук сотунун чечими менен шектүү 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Маркумдун артында 4 баласы калган.