• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Төртүнчү кабаттан секирген келин мурда да өмүрүн кыюуга аракет жасаган

7 Аяк оона 2018 15:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.09.2018. Govori.TV
Ошто  ымыркайы менен кошо төртүнчү кабаттан бой таштаган келин мурда да өз жанын кыюуга аракеттенгенин, бүгүн Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Анын айтымында өз жанын кыйгысы келген жаран, Алай районунан болот экен. Чүйгө турмушка чыгып, үч балалуу болгон. Үй-бүлөсүндөгү келишпестиктен улам эки баласын таштап, кичүү жети айлык баласы менен август айынан бери Ош шаарында эжесинин үйүндө жашап жаткан. Күбөлөрдүн айтымында, акыркы кезде алкоголдук ичимдиктерге берилип жүргөн жана ошол күнү да спирттик ичимдик ичкен деп айтышкан.
Сыдыковдун айтымында, 40 жаштагы келинди буга чейин да кошуна жатаканадан боюн таштоого аракет кылган жеринен алып калышкан.
Окуя 6-сентябрда кечке жуук болду. Азыр келин да, ымыркайы да ооруканада. Аялдын жамбаш сөөгү сынып, мээси чайкалган. Бала башынан жараат алган. Бирок, экөөнүн тең, өмүрүнө коркунуч жок экенин кошумчалады басма сөз катчысы.
Количество просмотров: 9