• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Төртүнчү протокол. Кыргызстандыктарды эми башкача дарылашат

16 Баш оона 2020 18:04 Бишкек Govori.TV

Коронавирусту дарылоо боюнча клиникалык протоколдун 4-варианты иштелип чыкты

Коронавирус илдетин дарылоо боюнча клиникалык протоколдун 4-варианты Россиядан келген кесиптештер менен бирге талкууланып, иштелип чыкты. Бул маалыматты, бүгүн пресс-конференцияга катышкан Россиялык адистер тастыкташты.

«Аталган протоколду иштеп чыгууга мен дагы катыштым. Жаңыртылган версияга коронавирус боюнча респиратордук жардам жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизилди. Ошондой эле, альтернативдүү ыкма катары этиотроптук дарылоо жаңыланды», — деп билдирди дарыгер — пульмонолог, м.и.к Лилия Козырева. 

КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев,  протоколдун жаңы  4-вариантында пневмония эске алынып, анын оор формаларын дарылоо ыкмалары киргизилгенин кошумчалады. Протоколдун 4- версиясы даяр жана жакынкы күндөрү ишке кирет.

Количество просмотров: 701