• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кытай менен байланышта Кыргызстандын экономикалык пайдасы көп

9 Үчтүн айы 2019 17:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.01.2018. Govori.TV

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында Кыргызстанда жүргөн Кытай жарандары боюнча маалымат айтып жатып, Кытайдан Кыргызстанга 2,1 млрд доллар көлөмүндө насыя жана гранттык каражат берилгенине токтоолду.

Анын айтымында Кыргызстанда азыктарды кайра иштетүүчү 397 кытай мекемеси жана 187 биргелешкен кыргыз-кытай ишканалары иштейт.

2018-жылы Кыргызстандагы кытай жарандарынын саны 35 миң 215ти түзгөн. Бул былтыркыга салыштырмалуу төмөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, былтыркы жылы Кыргызстанда 24 миң 836 кытайлык катталган. 2010 – 2018-жылга чейин 286 кытайлык Кыргызстандын жарандыгын алган.

Ошондой эле, төрт жыл аралыгында 6 миң 717 кытайлык жаран Кыргызстанда жүрүү тартибин бузган. Аларга 67 млн. 170 миң сом айып пул салынган. 2014-2018-жылдар аралыгында Кытайдын 139 жараны өлкөдөн чыгарылган.

Экономикалык жактан алганда Кытай мамлекетине караганда Кыргызстан утушка ээ болуп жатканынын белгиледи Боронов.

Количество просмотров: 39