• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Түшкө чейин шайлоочулардын 13 пайызы добуш берди

11 Чын куран 2021 13:40 Бишкек Govori.TV

Саат 12:00гө карата жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого 445 миң 533 жаран добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, ал жалпы шайлоочулардын 13,43%ын түзөт.

“Шаардык кеңештерге 133 миң 116, айылдык кеңештерге 312 миң 417 шайлоочу тандоосун кылды”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жергеликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Басып чыгаруу

Количество просмотров: 69