Соцтармактын колдонуучулары Түштүк Кореянын Сеул шаарынан тартылды деген видеону жайгаштырган, анда Кыргызстандын расмий туусуна дал келбеген желек кайсы бир имараттын жанына илинген.
Белгилей кетсек, желектин жаңы варианты ЖК төрагасы тарабынан сунушталып, бирок коомчулуктун катуу санына кабылган эле.
Социалдыктармактарда бул окуя боюнча Кореядагы элчи Аида Исмаиловага кайрылышып, териштирүүнү талап кылышкан.


Бул арада Аида Исмаилова билдирүү жазып, бул желек кайда илингени аныкталганын билдирди.
«Маалымат боюнча, Кыргызстандын жараны Твиттерге Сеул шаарында туура эмес расмий бекитилген өлкөбүздүн желегине дал келбеген желекти илип коюшуптур деп. Оперативдүү түрдө изилдөө иштерин жүргүзүп, Сеул эмес, алыскы Тэджон шаарындагы Hanbat National University тарабынан тагылганы аныкталды. Кыргыз Республикасынын Элчилиги Hanbat National University менен ыкчам түрдө байланышып, илинген желек Кыргыз Республикасынын расмий бекитилген желегине дал келбей турганын университеттин жетекчилигине маалымдап, эмне үчүн бул туура эмес жасалган желек илингенин түшүндүрүп берүүсүн суранды. Университеттин жетекчилигинин айтымында, алар желекти жергиликтүү фирмадан заказ кылып, бирок туура эмес жасалып калганын билбей калгандыгын билдиришти. Макулдашылбаган иш-аракеттер үчүн университеттин жетекчилиги кечирим сурашты. Өз кезегинде Элчилик Hanbat National University менен тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул желекти тез арада алып салууну жана мындан ары Кыргыз Республикасы менен байланышкан бардык иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Элчилиги менен макулдашуусу зарыл экендигин билдирди. Университеттен кечирим каты да келип калды»,-деп жазды.