• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Түштүк-Сахалинде добуш берүү аяктап, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы алдыга чыкты (сүрөт)

28 Жетинин айы 2021 16:04 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Түштүк-Сахалин аймагында добуш берүү аяктап, электрондук эсептөөчү үкөктүн алдын ала жыйынтыгы чыккан. Бул тууралуу сүрөттөр соцтармакта тарап жатат.

Андагы маалыматтарга ылайык, добуш берүүгө 203 адам катышкан. Анын ичинен эң көп 76 добуш «Бүтүн Кыргызстан» партиясы алган.

Белгилей кетсек, Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 03:00дө алгачкы шайлоо участогу Орусиянын Түштүк-Сахалин аймагында ачылган. Чет өлкөдө жалпы 59 добуш берүү тилкеси уюштурулган.

Количество просмотров: 664