• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түштүк-Сахалиндеги шайлоонун алдын ала жыйынтыгынын эки башка эсеби талкуу жаратты

10 Үчтүн айы 2021 18:42 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Түштүк-Сахалин аймагындагы консулдук бөлүмдө ачылган шайлоо участогу Бишкек убактысы боюнча 10-январда, саат 3:00тө ачылган. Алгачкылардан болуп ишин баштаган бул шайлоо тилкеси ишин да биринчилерден болуп жыйынтыктады. Андагы эсеп баракчасы интернет тармагына жарыяланып, эки башка добуш эсептери жазылган.

Тараган сүрөттүн биринде талапкер Садыр Жапаров 345 добуш менен алдыда, ал эми экинчи сапта 100 добуш алган талапкер Адахан Мадумаров жазылса, экинчи тарап жаткан эсеп жыйынтыгында Мадумаров көп добуш алып, биринчи экинин көрсөтүлгөн.

Бул маселе соцтармактын колдонуучулары тарабынан талкууга алынып, кайсынысы чындыкка жакын деген суроолор айтылууда.

Бул тууралуу азырынча БШК расмий маалымат бере элек.

Орусияда Түштүк Сахалинден тышкары Москва, Санкт-Петербург, Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург, Якутск, Сургут шаарларында шайлоо тилкелери бар.

Орусияда акыркы маалыматтар боюнча 600 миңдей кыргызстандык миграцияда, шайлоо тизмесине катталгандар мунун 10% да түзбөй турганын Орусиядагы кыргызстандык активисттер маалымдап келишет.

Количество просмотров: 339