• Шейшемби 21 Теке 2026
  • Вторник 21 Июль 2026

Түштүктөгү катуу жер титирөөнүн кесепеттери

5 Баш оона 202522:00 Бишкек Govori.TV

Жери титирөөдөн жабыркаган имараттар такталууда. Бул тууралуу ӨКМ пресс-борбору билдирет.


Учурда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен саат 20:00дө КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгына «Айгай» жарыяланды.

Майлуу-Суу шаарындагы кырдаалды жеринен билүү жана Жарандык коргонуу комиссиясы менен тактоо иштерин жүргүзүү үчүн башкармалыктын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ тартылган.

Саат 21:00гө карата маалымат:

Жер титирөөдөн Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагынан 2 турак үй, Сузак районунун Кыз-Кол айыл аймагындагы А.Жапарбаев мектебинин спортзалынын дубалдары жарака кетип, жабыркаган.

Жарандык коргонуу кызматтары тактоо иштерин улантууда.

Количество просмотров: 197