Бүгүн, 4-ноябрда Бишкек шаарында «Афганистандагы жаңы кырдаал. Эмне кылуу керек?» деген темадагы алгачкы аймактык-эл аралык эксперттик конференция өтүп жатат.
Ага Казакстан, Өзбекстан, Россия, Германия, Франция, Иран, Афганистан жана Индиядан алдыңкы эл аралык эксперттер, саясат таануучулар, аналитиктер, Афганистан жана геосаясат боюнча адистер чакырылып, Кыргызстандан мамлекеттик органдардын, чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, элчиликтеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
«Биздин позиция: контакттар болушу керек, консультация өтүшү керек. Аларды мамлекет катары тааныйбызбы же тааныбайбызбы талкууланган жок. Де-факто бийликти изоляцияда таштап койгон туура эмес», — деп билдирди Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков.
Белгилей кетсек, иш-чараны «Дин, укук жана саясат» көз карандысыз аналитикалык борбору уюштурууда.