Кыргызстан-Ооганстан беттеши: CAFA чечим кабыл алды
Кыргызстан-Ооганстан беттеши: CAFA чечим кабыл алды
13 Кулжа 2023 14:43 Бишкек Govori.TV
Кыргызстан-Ооганстан беттеши боюча чечим чыкты. Бул тууралуу футбол бирикмесинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, 11-июнь кунү Борбордук Азия футбол Ассоциациясынын (CAFA) Аткаруу комитетинин шашылыш жыйыны чакырылып, анда 2023-жылкы CAFA Улуттар Кубогунун турниринин алкагында Кыргыз Республикасы менен Афганистан беттешиндеги орун алган окуяга байланыштуу төмөнкү чечимдер кабыл алынган:
Мелдештин регламентинин 6.5 беренесинин бузулгандыгына карабастан, турнирдин жакшы имиджин камсыз кылуу максатында, Ооганстанга 2023-жылкы CAFA Улуттар Кубогунда катышуусун улантууга уруксат;
Ооганстандын курама командасынан талаага жетиден (7) аз оюнчу калгандыгы натыйжасында жана беттештин негизги убактысы аяктаганга чейин калыс тарабынан оюн токтотулгандыктан, беттеш 15.4-беренеге ылайык “орун албай калды” деп жарыяланышы керек. Кыргыз Республикасы 3:0 эсеби менен беттештин жеңүүчүсү деп жарыяланышы керек.
Ооганстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Абдулла Альмутаири мырзанын жүрүм-турумун карап чыгуу жана андан аркы санкцияларды киргизүү үчүн CAFA-нын Дисциплинардык комитетине маселени өткөрүп берүү керек.
Эскерте кетсек, беттеш 10-июнда Бишкекте өтүп, 1:0 эсебинде Кыргызстандын курама командасынын пайдасына аяктаган. Бирок 97-мүнөттө гол киргизгенден кийин Ооганстан курама командасынын башкы машыктыруучусу нааразычылык ирээтинде оюнчуларын талаадан чыгарып кеткен.