• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түз эфир: Акча опузалаганга шектүү Мелис Аспековдун жактоочусу маалымат берет

19 Үчтүн айы 2021 10:04 Бишкек Govori.TV

Активист Аспеков учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Бишкектин Биринчи май райондук соту кылмышка шектүү катары кармалган Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 9-мартка чейин камакта калтырган.

Атайын кызмат жарандык активист «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалганын, алар Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш боюнча шек саналып жатканын кабарлаган. Аларды кармоого «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызы негиз болгонун билдирген.

Количество просмотров: 175